Быйыл 2016-жылга салыштырмалуу республикалык бюджетке 3,6 пайызга көп ресурс түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын январь-март айларында республикалык бюджетке 29 миллион 140 миң 300 сом түшкөн. Ал эми бюджетке 24 миллион 381 миң 500 сом киреше кирди. Алардан 19 миллион 348 миң 100 сом салык төгүмдөрү, атайын бюджеттик каражаттардан 2 миллион 53 миң сом, салыктык эмес төгүмдөрдөн 4 миллион 105 миң 600 сом түштү.
Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 30 миллион 207 миң 600 сомду түздү. Мында бюджеттик мекемелерден келип түшкөн бардык өтүнмөлөр Каржы министрлиги тарабынан 100 пайызга канааттандырылды. Ага эмгек акылар, социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, тамак-аш, жөлөк пул, стипендиялар жана мамлекеттик карыздар боюнча пайыздарды жабуулар кирет.