Шайлоо-2017: БШКга эрте башталган үгүт иштери жакпай жатат

Президенттик шайлоо жакындаган сайын ажо болом деген саясатчылардын дүбүртү күчөй баштады. Бири трактор айдап, талаада жүрөт, бири чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп, балдары менен Улуу Жеңиш күнүндө "Өлбөс полкто" жүрөт, дагы бири аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Жер-жерлерди кыдырып, табият кырсыктарынан жабыркагандар менен жолугушуп жүргөндөр да бар.

Бийликтин атынан чыга турган талапкердин аты атала электе башталып кеткен пиар кампанияларга БШКнын башчысы тынч карап отура албай, үгүт иштерин маалынан эрте баштабай турууга чакырып жиберди.

SUPER.KG порталы бир нече айдан бери быйыл өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүп жатат. 2 апта сайын чыгарылып турган жыйынтык боюнча эл президент катары көргүсү келген адамдардын акыркы 2 аптадагы рейтингдери төмөнкүчө: 1-орунда Чубак Жалилов, 2-орунда Садыр Жапаров, андан ары Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаков. Мындай көрсөткүч, алдынкы бештиктин курамы бир нече аптадан бери өзгөрүүсүз келе жатат. Бул саясатчыларды улай Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Бакыт Төрөбаев келе жатат.

1-15-май аралыгында Чубак Жалиловго, Садыр Жапаровго жана Адахан Мадумаровго добуш бергендер байкаларлык азайып, Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаковго ишеним арткандар көбөйдү. Шайлоо жакындаган сайын пиар кампаниясын күчөткөн Бабановду, Өзгөндө көчкү түшкөн айылга барып элдин абалы менен таанышып кайткан, эл менен жолугуша турган иш-чараларга байма-бай чыга баштаган президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковду шайлайм дегендер акырындап өсө баштады.Президент болом деген саясатчылардын пиар кампаниясына катар каралоо, элге жаман көрсөтүү иштери да башталды. Булардын баары президенттик шайлоодо айыгышкан күрөш орун аларынан кабар берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан