Жети-Өгүз районунда кардын тез эрүүсүнөн суунун деңгээли көтөрүлүп, дарыянын жээктерин жеп баштады

Жети-Өгүз районунда кардын тез эрүүсүнөн суунун деңгээли көтөрүлүп, дарыянын жээктерин жеп баштады. Мындай маалыматты бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Сырт өрөөнүндөгү карлар тез эрип, Кара-Сай суусунун көлөмү көбөйгөн. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 116-чакырымында, узундугу 126 метр болгон жыгач көпүрөнүн астындагы муз эрибей, көпүрөнүн үстү жана эки чети менен суу агып, эки тарабындагы тирөөчтөрүн жана жээктерин суу жеп, унаа каттамына кыйынчылык жараткан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын Жети-Өгүз райондук бөлүм башчысы жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде абал менен таанышып, тиешелүү иш-чараларды уюштурууда. Учурда жолдун суу жеп кеткен жерлерин, суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан