"Айдоочунун колун байлап сууга ыргытып жиберген" деп айыпталып 2 жаран кармалды

12-май күнү Жалал-Абад шаарынан Тико унаасы менен көчөдө токтоп турган 1964-жылы туулган Ж.Акбар аттуу жаранды эки бейтааныш адам коркутуп, шаардын четиндеги талаага алып барышып, ур-токмокко алып, акчасын тоношкон. Окуядан соң айдоочунун колун байлап, суу каналына таштап жиберишкен да унаасын айдап кетишкен. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуровдун айтымында, жабырлануучу байланган колун бошотуп, суудан аман чыккан. Көп өтпөй милиция кызматкерлерине кайрылган. Окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган А. Бектурган менен 1985-жылы туулган М. Тилекбек кармалышып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан