Дастанбай Айжигитов: "Сот системине бюджеттен акча бөлөрдө биз менен макулдашпай "мынча акча берилет, ушуга сүйүнгүлө" дегендей мамиле болуп калууда"

Кыргызстанда сот системине 2012-жылы бюджеттен 593 миллион сом суралса, анын 445 миллион сому берилген”. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында Судьялар кеңешинин төрагасы Дастанбай Айжигитов (сүрөттө) билдирди. Айтымында, каражат аз бөлүнгөн сайын, бюджеттен бөлүнүүчү акчага болгон муктаждык көбөйө берет.  

 

Сот системинин бюджетин Судьялар кеңеши менен бирге бекитпей эле, "ушул сумманы беребиз, ушуга да сүйүнгүлө" дегендей болуп жатат. Түшүнүп жатам, каражат тартыш, бирок бул сумма өтө аздык кылат”,- деди ал. Ошондой эле ал суралып жаткан каражат сот имараттарын оңдоого, каттарды ташууга, унаа алууга гана жумшаларын айтты.  

"Жылдан-жылга бюджеттен бөлүнгөн каражат көбөйбөй эле азайып бара жатат, жок дегенде бөлүнгөн сумма азайбай, бир калыпта сакталса",- дейт Айжигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан