Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүнү колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
"Жалпысынан мыйзам долбоордун концепциясын колдоп, макулбуз. Өкмөттүн чечимине ылайык, 2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тартып бардык мектептердин башталгыч класстары 5 күндүк окуу режимине өткөн. Окуу программаларын кыскартуу келечекте каралат. Билимдин сапатына көңүл буруубуз зарыл. Кереги жок материалды алып салуу каралышы мүмкүн", - деди ал.
Министр Кыргыз мамлекети боюнча 3 нөөмөт менен окуган мектептердин саны 97ни түзө турганын айтты. Эгерде мектептер 5 күндүк окуу тартибине өтсө окуу 1 саат узартыла турганын кошумчалады.
"Билим берүү жөнүндө" мыйзамына киргизүү мыйзам долбоорунун демилгечиси Евгения Строкова мектептер 5 күндүк окууга өтө турган болсо программалар кыскартылбай турганын белгилеген.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору аталган комитеттин депутаттары тарабынан колдоо тапты.