"АКШнын аскерлери 2014-жылдын ортосунда Кыргызстандан чыгып кетиши керек",- деди Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 13-майдагы ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында. Министрдин айтымында, келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшүнө 180 күн калганда тийиштүү документтер АКШга жиберилет.
Кошумчалай кетсек, Максим Бакиевди экстрадициялоого байланыштуу кылмыш ишин токтоткон соң Абдылдаев аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алып, америкалыктардын мындай чечимине кыргыз элинин атынан нааразычылык билдирген.