Депутат саламаттыкты сактоо министри көйгөйлөрдү айтпай, "баары жакшы” деген долбоорлорду алып келип жатканын белгиледи

“Саламаттыкты сактоо министри көйгөлөрдү айтпай, дайыма баары жакшы деген долбоорду алып келет”, - деп бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Ал аталган министрлик көйгөйлөрдү атап, чечүү жолун издеши керек экенин айтты. “Биз, депутаттар көйгөйлөр боюнча суроо берсек гана сиз жооп бересиз. Мындай жол менен иштеген болбойт. Министрлик көйгөйлөрдү өзү айтып, аны чечиш керек”, - деди эл өкүлү.

Министр Талантбек Батыралиев кандай көйгөйлөр болуп жатканын жакшы биле тургандарын белгилеп, аны чече турганын айтты.

Жыйында саламаттыкты сактоо системин реформалоо боюнча 2012-2018-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасын ишке ашыруу жөнүндө маселе каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан