SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар кулагы менен, жигиттер ашказаны менен сүйөбү?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен жактырып жүргөн адам бир күнү иштеген жериме түштөнүү учурунда келип калды. Мени жактырарын билчүмүн. Сүйлөшүп отуруп "курсагым ачты, жегенге бир нерсе барбы?" деп сурап калды. Үйдөн тамак жасап барган элем. Шефтер жей турчу тамактай кылып ысытып, даярдап алып барып бердим. Билбейм чынбы, жалганбы, мактап жатып тамактанган. Ошентип сынактан өтүп турмушка чыккам".
"Кулак менен сүйгөн жаштан өтүп калдык, бирок эркектин баары эле биринчи курсагын ойлойт. Башында эркек даамдуу тамак жасагандарды издейт, кээде тамак жасаганды билбегендерге туш келсе деле жашай беришет го, же "тамакты жакшы жасай албайт" деп ажырашып кеткендерди уктуңар беле? Ким кандай тамак даярдаса, үйдөгү эркек ошого үйрөнүп калат. Мен ойлойм, тамак жасоо колунан келбесе да сүйөт, демек, ашказаны менен сүйбөйт деп".
"Эгер жигит ашказаны менен эле сүйгөндө көрүнгөн юбканын артынан ээрчибей, май жыттанган ашпозчулардын алдынан чыкпай калмак. Бүт кыздар сулуу, жаш, стилдүү эмес, пирог жыттанган "пампушка-веселушкалар" болмок".
"Эркектер кыздын өзүн сүйбөйт, анын жанында өзүн "супер мачо" сезгенин сүйөт деген да кеп бар. Башкача айтканда, алар кыздын жанында өзүн мыкты сездирген кыздарды сүйүп калышат экен. Мындайда эркек өзүн ошол айымга керектүү, андан акылдуу, тажрыйбалуу, мыкты мырза сезет, аял болсо анын мээсин чай кашык менен жебей, анын авторитетин, аброюн сыйлап турса мына ушуга байланат экен мырзалар. А сыйлоо дегендин ичине анын ашказанын сыйлоо да кирип кетет. Бирок ашказан сыйлоо сүйдүрүп алуу эмес, сүйүп калган эркекти кармап калуу этабына кирет".
"Кулагы менен да сүйбөйт, оозу менен да сүйбөйт, капчыгыңды сүйөт. Капчыктан тыйыныңды чачып койсоң, эмне десең да сүйө беришет".
"Жигитим менен катуу урушуп кеткенде "болду эми, сүйлөшпөйм" дейм да, кайра эле комплимент жаадырып койгондо баягы урушканын унутуп калам. Кулагыбыз менен сүйгөнүбүз чын окшойт".
"Кулак-пулак, ашказан, көз, кол, бутту аралаштырбай, жүрөгүңөр менен эле сүйгүлөчү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.