Кыргыз муфтиятынын башчысы Максат Токтомушев якынчылар ким экени, аларды ур-токмокко алуу окуясы боюнча пикирин SUPER.KG порталына билдирди.
"Якынчы деген сөз биздин түшүнүгүбүздө жок болчу, эл өзү эле чыгарган. Якын деген сөз "акыретке жакын" дегенди түшүндүрөт. Булар “биз Аллахка гана таянабыз” дешет. Дары-дармек алууда да булар “Аллах гана сакайтат бизди” деген түшүнүк менен жашашат. Бирок булардын арасынан да бир тобу тартипке келип калышты. Бизге келишип, "туура эмес жолдо жүрүптүрбүз" дешип, биздин билим борборлордон окуп диний сабатын жоюп жатышат", - деди муфтий.
Андан соң ал интернетке тараган видео тууралуу өз оюн айтты. “Эми кичине тартипсиз, адепсиз балдар болот да. Эми мушташты динге байланыштырбаш керек. Сакалчанбы, сакалчан эмеспи, мушташ ар жерде бар. Дин кантип эле мушташка чакырсын. Видеодогу мушташкандардын акмактыгы, акылы жоктугу байкалууда. Бул видеону тарткан адам элге жарыялабай эле тиешелүү бийлик органдарына же муфтиятка кайрылса деле, биз чара көрөт элек. Муну мындай бир атайын чагымчылдыкка жакындатып, коркуп тарткандай сезилип турат да. Эки тараптын тең диний сабаты жок экендиги көрүнүп турат”, - деди Токтомушев.
Айта кетсек, "Элдик видео" бөлүмүнө "Молдокелердин" мушташы" деген аталышта видео жүктөлгөн. Анда мусулманча кийинген сакалчан адамдардын башка сакалчандарды сөгүп сабап жатканын көрсө болот.