Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев Совет районунун Кызыл-Жар кыштагында 1925-жылы 15-майда туулган. Оштогу мугалимдер институтун, Москвадан М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Совет райондук "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы, Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде бөлүм башчы, "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору, "Чалкан" журналынын жооптуу катчысы, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген.
Анын "Эмгек күүсү" аттуу эң алгачкы ырлар жыйнагы 1950-жылы жарык көргөн. Чыгармачылык өмүрүндө кыргыз, орус жана башка тилдерде көптөгөн ырлар жана поэмалар жыйнагы котормолору китеп болуп чыккан. "Курманжан датка" ыр менен жазылган романы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Согуштук ордендер, медалдар, Кыргыз жана башка республикалардын Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал 91 жаш курагында 2016-жылдын 4-февралында дүйнө салган.
15-майга карата жылнаама.