КҮНСЕРЕП: Исламчылардын мушташы. Уландысы бар...

Бүгүн, 15-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Интернет аркылуу исламчылардын мушташкан видеосу таратыла баштады. Мечитте сакалчан, дамбалчан молдолордун мушташы дем алыш күндөрдө интернетте эң көп талкууга алынган видео болду. Мушташкан адамдардын талашканы эмне экендиги түшүнүксүз, бирок оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бири экинчисин тепкилеп жатканын, калгандар ажыратууга анча деле аракет кылбаганын көрүүгө болот. Муфтий Максат Токтомушев “мага жеткен маалымат боюнча бул окуя бир ай мурун болгон. Мушташ эмне себептен чыкканы мага белгисиз”, - деп жооп берди. Күтүлгөндөй эле, ислам дининин шарттары менен жашагандар жана светтик коомду колдогондор арасында бул окуя талаш-тартышты жаратып, “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген сөздү мисал келтирип, динге берилгендерди сынга алуу күчөдү. Бул бир ай мурун, балким, бир жыл, балким, бир нече күн мурун атайы эле жасалып, атайы интернетке таратылган окуядыр?

Шайлоо мөөнөтү жакындаган сайын талапкер болушу мүмкүн деген инсандарга карата, айрыкча көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуп турган фавориттерге карата “шайтан оюндардын” күчөшү күтүлгөн эле көрүнүш. Ислам аалымы Чубак Жалиловдун президенттикке талапкер болуп калуу мүмкүндүгү оң жээк менен сол жээкте турган кадимки саясатчылардын картасын бузуп коёру турган иш. Андыктан “молдокелердин” мушташынын интернетке дал ушул маалда тарашын исламчыл талапкерлердин рейтингине алдын ала башталган чабуул катары кабыл алууга болот. Мисалга алсак, SUPER.KG порталы бир нече айдан бери быйыл өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүүдө. Чубак Жалилов көп айлардан бери аталган сурамжылоодо биринчи орунда келе жатат. Өзүнүн ММКларга берген маегинде дагы “адилеттүү жүргүзүлүп жаткан сурамжылоолордо алдынкы орунда келе жатам”, - деп белгилеп өткөн жайы бар. Андыктан бул динчилдерге карата жасалган кара пиардын башталышы гана болуп, жакынкы апталарда, айларда молдолор тууралуу “үрөйдү учурган” окуялар жайнап чыга башташы толук мүмкүн.

Алдыдагы шайлоонун башка фавориттерине каршы деле кара пиардын мөндүрдөй жаашы, компроматтар согушунун күч алышы жай-күз айларынын “ыссык” болушуна кепилдик берет. Мисалы, кара пиар булуту Өмүрбек Бабановду дагы бул аптада каптап өттү. Бир жума мурун жергиликтүү ырчылардын бири бул саясатчыга атайы ыр арнап, “Өмүрбек Бабанов – биздин президент” деп ырдап чыккан эле. Көп өтпөй ал ырдын мазак варианты пайда болду. Ырда Бабановду “аферист, бизнес-террорист, каны башка” деген өңдүү сөздөр менен “макташты”. Бул Бабановго каршы компроматтар, каралоолор абдан көп болорунун белгиси. Себеби жөнөкөй. Бийликке дагы, оппозицияга дагы бул фигура күчтүү атаандаш. Учурда өлкөнүн ар бир облусунда, ар бир район, айылында Бабановдун командасы кадимки мамлекеттик орган сыяктуу иштеп жаткан маал. Мамлекеттин ичиндеги Бабановдун мамлекетине Людовик XIV дагы кызыкмак.

Маселенин бул тарабынан алып караганда, бийликтин атынан талапкер болуп чыга турган адамдын аты эмдигиче жашыруун болуп жатканын – сактануу стратегиясы деп түшүнүүгө болот. Тактикалык ыкма катары президенттик шайлоо ноябрь, октябрь, август дагы эмес, андан дагы чукул арада өткөрүлүп жиберилиши мүмкүн. Жеңиш үчүн учурунда Курманбек Бакиев деле бир жылдык президенттик мөөнөтүн садага чаап, шайлоону 2010-жылы эмес, 2009-жылы өткөрүп, жеңишке жеткен...

Эл аралык донорлор “Таза коом” долбоорун колдоого алчу болсо, анда ал ишти жалпы мамлекеттин кызыкчылыгында кылуусу зарыл. Ал долбоор президенттик жарышка чыгуучу бир адамдын, аны колдогон бир топтун пиар кампаниясына айланбашы керек. Эл аралык донорлорго мындай чакырыкты экс-президент Роза Отунбаева өткөн жумада тегерек столдо таштаган. Отунбаевага жооп иретинде, долбоор боюнча иш алып барып жаткан Сапар Исаков бүгүн үн катты. “Роза Исаковнанын бул чакырыгы мени таң калтырды. Долбоор мамлекеттин өнүгүүсү үчүн керек. Жана аны президенттик шайлоого байлаган туура эмес. Анын үстүнө менин президенттик шайлоого катышам деген ниетим жок”, - деп билдирди президенттик аппараттын башчысы.

19-майда КСДП курултайга чогулуп, бийликтеги партиянын атынан президенттик жарышка кимдин чыгарын ачыктайт деп күтүлүүдө. Бирок президенттин партиясында эмне иштер болуп, кандай жыйынтыктарга келишкени тууралуу жоромолду азыр эле жасай берүүгө мүмкүн болуп калды. Сапар Исаков президенттик жарышка талапкер катары катышпай турганы “Таза коом” долбоорун өкмөт ишке ашырат деген маалымат чыкканда эле белгилүү болгон десе болот. Аталган долбоорду Алмазбек Атамбаев демилгелеп, жүзөгө ашыруучу адам Сапар Исаков болору түшүнүктүү. Бул долбоорду өкмөт жүзөгө ашырат деген чечимди, демек, Сапар Исаков президенттик жарышка чыкпайт, ал өкмөт башчылыкка барат деп түшүнүүгө болот. Күтүлгөндөй эле, бүгүн президенттик аппараттын башчысы “президенттик жарышка чыкпайм” деди. Мындан улам КСДПнын атынан президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбеков талапкер болуп чыгат деп күтүү гана калды. Ал жоромолдун чын-калпыстыгы 19-майда билинет.

Эмнеден улам Сапар Исаков эмес, Сооронбай Жээнбеков болушу мүмкүн? Мындай суроо көпчүлүктүн көңүлүнө келери турган иш. КСДП көп жоромолдорду, күтүүсүздүктөрдү, оппоненттерден тартуулануучу “сюрприздерди”, жеңилип калуу мүмкүндүктөрүн эсептөөдөн кийин бир адамга токтолгону түшүнүктүү. Сапар Исаковдун эл аралык аренада таанылып калгандыгы, жаштыгы, курчтугу, билими анын пайдасына иштесе, 2010-жылы Максим Бакиевди жандап жүргөнү ага каршы иштемек. Жээнбековдордун кланына келсек, алар 2010-жылы бийликте эмес эле, Бакиевдик бийликке каршы КСДПнын катарында оппозицияда дагы болушкан. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагында Жээнбековдордун салмак-таасири жогору. Түндүк-Түштүк фактору, тилекке каршы, шайлоолордо оюнчулардын баары эсептешкен фактор болуп келе жатат. Андыктан, жакынкы күндөрү Сапар Исаков өкмөткө 1-вице-премьер болуп барып калышы мүмкүн. Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары катталчу болсо өкмөт башчылыктан кетүүсү керек болот. Андай учурда Сапар Исаков өкмөттү жетектеп калат деп күтүүгө болот. Эгер жарышта бийлик утуп чыкчу болсо, анда Жээнбеков президент, өкмөт башчылыкта Сапар Исаков болуп, бийликтин тизгинин бир топ жылга бекем кармап калышат. Күтүүсүздүктөр ар бир окуяда болгондой эле, президенттик жарышта деле болуусу мүмкүн. Айтор, шайлоонун "шайтан оюндары" күндөн-күнгө күч алып бара жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан