ЭЛДИК ВИДЕО: Греция жана Кытай жетекчилери Владимир Путинди аябай эле күттүрүштү

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Грециянын премьер-министри Ципрас Путинди аябай эле күттүрдү" деген аталышта видео жүктөлдү. Бул видео учурда интернетте кызуу талкууланып жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрастын жолугушуусу Кытайдын Пекин шаарында өткөн. Алар "Бир алкак - бир жол" эл аралык форумуна катышууда. Бул видеону жүктөгөн интернет колдонуучу: "Баары дайыма Путинди күтөт деп ойлойсуңарбы? Пекин, Путин Ципрасты күтүп жатат, убакытты санагыла", - деп комментарий жазды. Бул видеону көрүү үчүн шилтеме.

Мындан тышкары Пекинде Путиндин эки тараптуу жолугушуусу Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен да өткөн. Аны да Путин күтүүгө аргасыз болгону тууралуу "Путин роялда ойноду" деген видео "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү. Си Цзиньпинди күтүп жатып, Путин роялда "Москва терезелери" жана "Эркин Нева үстүндөгү шаар" ырларынын мелодияларын аткарды. Орусиянын башчысынын роялда ойногону тууралуу видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
doping
2017-05-15 19:43:11
Президент лучший
+4
Azatbek83
2017-05-16 01:11:33
В.В.Путин.азамат президент ушундай адам бизге качан президент болот.Уважуха респект молодец.
+4
odin-takoy
2017-05-16 04:04:00
Мындай адам жеп туготот. Жириновский . Навалныйга окшогон адамдар келиш керек орусия бийлигине
-6
Leilektik
2017-05-16 08:45:17
odin-takoy,ал келсе Россия жок болот ишенип кой или Россиянын баардык союздаштарын душман кылат озуно анан жок болот россия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан