Алмазбек Атамбаев "Кытай-Кыргыз-Өзбекстан" темир жолу боюнча пикирин айтты

Кыргыз мамлекети "Кытай-Кыргыз-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун колдойт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 15-майда Кытайда "Бир алкак - бир жол" форумунун алкагында өткөн жыйында билдирди.

"Бул жол Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпы караганда бул долбоор "Бир алкак - бир жолдун" максаттарына толук ылайык келет. Жаӊы жана альтернативдүү транспорт коридорлорун түзөт", - деди өлкө жетекчиси.

Атамбаев азыркы учурда Кыргыз Республикасында эл аралык транспорт коридоруна кирип, тийиштүү талаптарга жооп берген 4 эл аралык автоунаа жолу бар экенин белгиледи. "Мындан тышкары, 2018-жылы эл аралык класстагы "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү унаа жолунун курулушу аяктайт", - деп кошумчалады президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан