Бишкек шаарынын мэриясы 9 миллион сомго ар бири 111 миң сом турган 81 кондиционер сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясы 81 кондиционер сатып алуу үчүн 9 миллион сом коротот. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди. Анын айтымында, мэриянын имаратына жаңы 81 кондиционер орнотулуп, эски 81 кондиционер алынып салынат. Кондиционерлерди сатып алууга шаардык бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн.

“Мэриянын мекемеси тарыхый имараттардын катарын толуктайт. Бул иш "шаардын көркүн бузбай жаңы кондиционер коюш керек" деп, Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен ишке ашууда. Негизи бул маселе 3-4 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Азыр 81 кондиционер сатып алууга 9 миллион сом каралды. Тендер 6-июнда өтөт, кайсы фирма менен баасы канчадан болот ошондо чечилет”, - деди Койчугул Ибраимов. Андан сырткары ал мэрия эң жакшысын, кышы-жайы иштей бере турган кондиционер сатып алууну көздөп жатканын билдирди.

Эгер аталган маалыматка таянсак, мэрия ар бир кондиционерди болжол менен 111 миң 111 сомдон сатып алат. Бишкек шаарындагы кондиционер саткан дүкөндөр менен байланышканыбызда, алар Бишкекте кышы - жайы иштей турган эң эле кымбат кондиционер 77 миң сом турарын айтышты.

Бишкек мэриясынын имараты 9 миллион сомго салкындайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
suymon
2017-05-15 23:27:37
Ушулар тажатты .кыргызстандан кетсен кутуласынго.
+2
Salman.eldar
2017-05-15 23:47:08
Эх Супер инфо ушундай реальныйсынарда! ошол учун эртен мн козумду ачып силерди окуймун. МЭРия красавчики!!! алгыла силерге да кыйын болду, туура 111мин сомдук алыш керек, а что мелочится? на то и государство!!! силерге пофигу да, эл эмне болуп жатканы мн, главное озунорго камфорт тузуш керек, ошол акчадан 5миллиону туура семейный бюджетке кетет. Уф жанды кашайтасынарда
+4
Asanaliev.1990
2017-05-15 23:47:10
Эл ишенген, эл үмүттөнгөн биздин чоңдор карапайым калктан чогулган акчаларда өз пайдаларына коротуп эркелешип жатат, ушундай мээси иштебеген кээбир чоңдорубуз жакшы иштеген мекеним деген атуулдардын атын булгашып жатат.
+1
Ulan2601
2017-05-15 23:47:17
Эскилерин мага бергиле
0
Kamchybekova.Ch
2017-05-16 00:07:56
шаардын көркүн бузбай...
0
Bekovich76
2017-05-16 00:08:22
ХХХ эл кыйналып атканда булардын ишин кара ХХХ десе
+3
jonne
2017-05-16 01:16:24
Ошол акчадан уномдоп туруп аюу 70 минден алып калганын аюу айылна которсо чоон батамы бермекмин
0
Nurtilek001
2017-05-16 01:39:22
Иштеп турса болду да аны эмнеге алмаштырышат, жаман обу жокта ушулар чын жаман кыжырга тийип буттунор, ансызда бюджетте акча жок болуп атканда обу жоктонбой отургулада, кыйратып иш кылып аткансып. МЭРиядагылардан кобун кыскартыш керек 1чи вице, 2чи вице деп жонле айлык алып журушот, жалпы эле мамлекеттик мекемелерден, анан кээ бир мамлекетик мекемелерди жоюп салыш керек ылайыктап бир-бирине кошуп койсо болот жонле мамлекетке чыгым кылбай.
+2
akil.91
2017-05-16 02:30:18
Бирдемке айтсам кулосунор. Контейнер деп тушунуп алыптырмын анан ойлоп атам... Контейнерлер мериянын каеринде турат экен, вообще эле эмне иши бар контейнердин? Мериянын имараты тарыхый имарат экенине кошулам бирок контейнер эмне кылат бул жерде деп... Корсо кондиционер экен(((
+1
fahridin
2017-05-16 03:24:23
оздору ошону сезип билип тушунбогондон кийин булардун козуну май басып калган элдер бардыгы наразы болуп жатканын оздору сезишпейбикен кийин кантип жооп беришет ошону ойлосолор болот ак уйдогулор ж б лар
0
odin-takoy
2017-05-16 03:55:43
Эми ар бир кондицоенерди установка кылганынар ошончо акча болот до эми. Кендири ичип жеп алгыла кийин камалсанар арман кылбагыдай.
+2
Nargiza1987k
2017-05-16 07:33:39
Эмне алса алышсын онугуп баратат окшойбуз же мериябыз онугуп баратканбы оозунардан кирип ичинерди тешип чыкпасын бочкалар абайлагылачы андан коро жардам бергиле бей бечараларга тогуз миллион десе чачым типтике туруп кетигоооооо
+2
DNurgiza
2017-05-16 07:57:12
Ушу силер ошончо чырылдасаңар эле албай коюшмак беле......:)
-3
almaz2880
2017-05-16 14:10:08
Манастан жеп бутуп Эми мерияга келип алып дальше жеп жатат тойбой калды миллиондоп жеп конгон да
0
qwert123
2017-05-16 16:11:02
ошол акчага камера койгулачы авария коп болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан