ЖЫЛНААМА, 15-МАЙ: 54 жыл мурун акын, дастанчы, журналист Барчынбек Бугубаев төрөлгөн

Акын, дастанчы, журналист Барчынбек Бугубаев 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Мантыш кыштагында төрөлгөн. 1981-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Эмгек жолун аталган университеттин лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган. 1990-жылдан тарта "Билимге жол" гезитинин редактору, 1991-1995-жылдары Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору, 1998-2002-жылдары "Кыргыз туусу" гезитинде эмгектенген.

Чыгармачылык чыйыр жолу 1980-жылы "Жаш ленинчи" журналына жарыяланган "Китеп" аттуу ырынан башталып, бир нече китептерди жарыкка чыгарган. 1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.

2015-жылы 17-сентябрда каза болгон.

15-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан