Бишкек шаарында 18-май күнү "Борбордук Азиядагы коопсуздук коркунучтары жана чакырыктар: жаштар баа берет" аталышындагы тегерек стол өтөт. Ага Кыргыз эксперттер коомчулугу, Кыргыз-Орус Славян университетинин окутуучулар курамы жана Жогорку Окуу жайлардын студенттери катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чаранын максаты терроризм менен диний экстремизмдин жайылышына каршы күрөшүүдө жаштардын активдүүлүгүн күчөтүү.
"Тегерек столдо жаштарга интернеттин тийгизген таасири жөнүндө сөз болот. Көп убакыт аралыгында интернет жана андагы социалдык тармактарга ММКлар жана аткаруу бийлиги жетиштүү көңүл бурушкан эмес. Азыркы тапта аларды башка күчтөр өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп жатканын көрүүгө болот", - дейт жаштар арасында талкууну уюштуруп жаткан "Евразиялыктар - жаңы толкун" фондунун директору Владимир Лю.