13-майда Жогорку Кеңештин Сот укуктук
маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн 2012-жылы аткарган иштеринин
жыйынтыгы боюнча отчёту угулду. Жыйынтыгында депутаттар тарабынан өкмөттүн иши "канааттандырарлык" деп
бааланды. Бирок өкмөттүн ишинде бир катар кемчиликтер бар экендиги белгиленди. Вице-премьер-министр
Шамиль Атаханов өкмөт тарапка айтылган сын-пикирлер кабыл алынарын айтып, аларды
жоюуда тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.