Кадамжай районунун акиминин орун басары: "Кадамжай шаарында калкка 3 күн бою таза суу берилбей калган"

Кадамжай шаарынын жашоочуларына ичүүчү суу жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Мындай маалыматты бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

"Шаарга орнотулган суу түтүктөрү 1960-1970-жылдар аралыгында курулган. Бүгүнкү күндө эскилиги жетип, түтүктөр ар кайсы жеринен жарылып жатат. Мындан улам калкка таза суу жеткирүүдө түтүктөрдү оңдоого убакыт талап кылынды. 15-май күнү кечке маал шаардын калкына таза суу толугу менен берилди. Буга чейин калаадагы жашоочулар 2-3 күн бою суусуз калышкан эле", - деп билдирди Исаков.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кадамжай шаарында 17 миңдей адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан