КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов мурда ээлеген кызматына кайтып келди. Бүгүн ал ЖКда өкмөттүн 2012-жылдагы иши боюнча отчёт берди. Айта кетсек, Атаханов "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кетишине байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилген болчу. Буга аталган окуяга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн "Батукаевди өлкөдөн алып чыгып кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген" деген пикирлери себеп болгон. Депутаттык комиссиянын башка өкүлдөрү Ш.Атахановду кызматтан четтетүү тергөө иштерине тоскоолдук жаратпашы үчүн маанилүү экенин айтышкан болчу.