Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Аталган комитеттин депутаттарынын баары "макул" деп добуш берди.
"Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциялык мыйзам долбоору каралды.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар: Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев ("Республика - Ата Журт"), Үмбөталы Кыдыралиев ("Республика - Ата Журт"), Дастан Жумабеков ("Кыргызстан"), Таалайгүл Исакунова ("Өнүгүү-Прогресс"), Мирлан Бакиров ("Өнүгүү-Прогресс"), Алтынбек Жунус уулу ("Өнүгүү-Прогресс"), Алмасбек Акматов ("Бир бол") жана Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен").
Эске салсак, 2-майда Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Анын жүрүшүндө депутат Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштап чыккан.