Бишкекте эксперттер президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүү жолдорун талкуулап жатышат

Бишкекте 16-майда Саясий укуктук изилдөө борборунда президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүү иштери боюнча талкуу өтүүдө. Медиа эксперт Азамат Тынаев уюштурган талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова менен PR-адис Гүлнура Төралиева катышып жатат.

"БШК президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө киришкен айрым партияларга сунуш-пикирин айтты. Президенттик шайлоо күнү али дайындала элек, бирок айрым талапкер болчулар үгүт иштери боюнча БШКга кайрылууга үлгүрдү", - деди Абдрахматова.

Эскерте кетсек, БШК буга чейин айрым саясий күчтөр мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүп баштаганын билдирип, партияларды мыйзамдын талаптарын аткарууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан