Бишкекте үч жаштагы баланын бутун тебелеп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Патрулдук милициядан билдиришти.
“Жабырлануучу тарап менен сүйлөшкөнүбүздө, сүзгөн айдоочу “Жорго” такси кызматында иштеген көк түстөгү Фольксваген Гольф-4 унаасында болушу мүмкүн дешкен. Биз маалымат боюнча аталган такси кызматына барып сүйлөшкөнүбүздө, аларда Гольф-4 унаасы менен иштеген эки айдоочуну аныктадык. Бирок алар ошол күндөрү жумушка чыгышкан эмес экен. Чогулган материалдарды тергөөгө өткөрүп бергенбиз. Захарьев көчөсүндө айрым үйлөрдө видеобайкоо орнотулган экен, видеону алсак эле шектүүнү табабыз. Издөө уланып жатат", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, окуя 2017-жылдын 6-май күнү кечке жуук Бишкек шаарынын Захарьев көчөсүндөгү №52-үйдүн алдында болгон. Белгисиз айдоочу көчөдө ойноп жүргөн үч жаштагы баланын бутун унаасы менен тебелеп качып кеткен. Жабырлануучу баланын апасы Эльнура Ибраимова он күндөй убакыт өтсө да, милициялар кырсыктын себепкерин таппай жатышкандыгын айтат.
“Кырсык болгондон кийин кандай унаа тепсегенин сураштырбай эле баламды алып, №3-Балдар ооруканасына алып бардым. Баламдын бутунан жаракат алгандыгына байланыштуу ал жерден гипс коюшту. Ооруканадагылар окуянын чоо-жайын уккан соң милицияны чакыртышты. Алар кийин үйгө чейин келишип, көргөндөрдөн сураштырып, күбөлөрдүн айтуусундагы болжолдуу унааны такташты. Бирок мамлекеттик номерлерин эч ким көрбөй калыптыр. Ошондон бери 10 күн өтсө да, окуяны иликтеп жаткан милициядан кабар жок, телефон чалсам издеп жатабыз дешет, жыйынтыгы жок. Максатым - айдоочу жасаган ишине жооп берсин”, - деди жабырлануучунун энеси.