Атыр Абдрахматова: "Шайлоо алдында кайсы бир партиянын үгүт ишине артыкчылык берилбеши керек"

Кайсы бир саясий күчтөрдүн президенттик шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүсүнө артыкчылык берилбеши керек. Бул тууралуу 16-майда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо алдындагы үгүт маселеси талкууланган отурумда билдирди. БШКнын мүчөсү бир катар себептерден улам талапкерлерге "үгүт жүргүзүүнү эрте баштаба" деп сунуш бергенин белгиледи.

"Орой айтканда, эртең бирөө "мага сарылар же көк көздүүлөр жакпайт, аялдар саясатка аралашпай ашканада болушу керек" деп айтып чыкса, БШК кайда карап отурат деп кыйкырып чыгышат. Мурунку шайлоолор көрсөттү, жаш балдардын сүрөтүн пайдаланышты. БШК эскертүү бергиче шайлоолор бүтүп калган. Бул жолу андайга жол берилбеши керек", - деди Абдрахматова.

Бишкекте бүгүн эксперттер президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүү нормаларын талкуулаган иш-чара өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан