Бүгүн, 16-майда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү жөнүндө эки башка пикир айтылып жатканына токтолду.
Аталган комитетте “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзамынын долбоору каралды.
“Бул мыйзам долбоор биринчи окууда каралып жатканда президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сөз болгон эмес. Эми экинчи окууга алып чыкканыбыз туура болобу?” - деп комитеттин төрайымы Асел Кодурановага кайрылды.
Кодуранова биринчи окууда караган комитеттин корутундусунда президенттик шайлоонун күнү боюнча сунуш жазылганын айтты.
“Президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча эки ача ой болуп жатат. Мамлекет башчысы бүт дүйнөгө 19-ноябрда өтөт деп айткан. КСДП фракциясынын жетекчиси жок, 15-октябрга жылдыралы деп жатат. Кимисиники туура болот?" - деди Абдылдаев.
КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Конституцияга ылайык, президенттик шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш аныктай турганын белгиледи. Аталган сунуш мыйзам долбоорунун концепциясына каршы келбей турганын кошумчалады.
Мыктыбек Абдылдаев Асел Кодурановага: "Комитетте бул маселени карап коёлу деп айттым эле көңүл бурбай жатасыз. Мен түшүнүп жатам, эрк жетпей жатат. Мындан улам мыйзам бузулуп калышы мүмкүн болуп жатат. Эмне үчүн 2011-жылы октябрь айындагы акыркы жекшемби деген парламенттеги норма 19-ноябрь деп алмаштырылып калган. Ошого бирөө жооп берип парламентте айтып коюшубуз керек да. Чындыкты моюнга алышыбыз зарыл. Биз унчукпай эле бардыгын жылдырып жатабыз”, - деди Абдылдаев.
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Абдылдаевдин айтканына кошула турганын билдирди. “Парламенттин V чакырылышында дагы чогуу кесиптеш болуп иштедик, ошондо ката кетип калды, моюнга алабыз. Ошондо мыйзамды кабыл алганбыз. Катаны оңдогонго эркибиз бар. Мыйзам долбоордо шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушу каралып жатат. Конституциялык бүт процедуралар мыйзам чегинде болуп жатат”, - деди Алтыбаева.
Мыйзам долбоору экинчи окууда аталган комитетте жактырылды.