"Таза коом" долбоору президенттик шайлоо алдында мөөнөтүнөн мурда жасалган үгүтпү? Медиа эксперт Гүлнура Төралиева аталган долбоорду бийлик партиясы президенттик жарышта талапкердин программасы катары пайдаланбайт деген үмүттө.
"Азырынча бир жактуу пикир айтууга эрте. Шайлоо жакындап калганда гана баалоого болот. Негизи, бул мамлекеттин стратегиялык долбоору, улуттук программа. Аны шайлоого аттанган талапкер программасына кошот деп ойлобойм", - деди Төралиева.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова да "Таза коом" долбоорун бийлик партиясынан чыкчу талапкер үгүт ишине пайдалана албайт деген пикирде.