“Мамлекеттик кызматкерлерге турак жай бере албагандан кийин эмне үчүн депутаттар кызматтык үйдү пайдаланышы керек?” - деп бүгүн, 16-майда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
“Буга чейин депутаттарга кызматтык автоунаа, персоналдык айдоочуну жок кылууну карап чыкканбыз. Ошолордун катарында эле турак жай дагы берилбеш керек. Жогорку Кеңештин аппаратында канча адам иштейт? Алардын баарын турак жай менен камсыз кыла албайбыз. Анан аларга компенсация төлөп берүүгө туура келет. Сырттан келип иштегендер турак жай маселесин өзү чечиш керек. Бардык мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык насыя менен үй алууга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Депутаттар дагы ипотекага үй алышсын”, - деди ал.
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина демилгелеген Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчылары үчүн кызматтык батирлерди убактылуу берүүгө багытталган мыйзам долбоору комитеттин депутаттары тарабынан четке кагылды.
Маалымат боюнча, парламенттин аппаратында жана иш башкармалыгында 916 кызматкер иштейт.