Бишкекте бүгүн, 16-майда кыйноого кабылгандарга психологиялык жардам көрсөтүү жана укугун коргоого көмөктөшүүчү борбор ачылды. "Альтер-Эго" аталышындагы борбор Кыргызда биринчилерден болуп ачылып жатат, бул жерде кыйноого кабылгандар акысыз жардам ала алышат.
Борбордун жетекчиси Тынчтык Асановдун айтымында, мекеменин ачылышында БУУнун Кыйноолорго каршы комитети каржылык колдоо көрсөткөн.
"Мурда реабилитациялык программа бар эле, ал он жылдай иштеди. Ал программанын алкагында укуктук жана медициналык жардам көрсөтүлчү бул борборду ошол программанын кийинки баскычы катары карасак болот. Эми ошол эле жардамдардын кошумча катары борбордун ачылуусу менен психологиялык жардам да көрсөтө баштайбыз. Учурда бул жерде 5-6 адам иштейт", - деди Асанов.