Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы "молдокелердин" мушташы болгон мечиттин имамы УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мечиттин имамы Рахматулло Мурзатаев билдирди.
“Кечээ күнү мени УКМКга чакырышып, интернетке тарап кеткен видео боюнча сурак кылышты. Мен “бул мушташ мурда болгон болсо, милицияга эч ким арызданбаса, эмнеге мени чакыртасыңар?” десем, “видеодогу кишилерди уруп жаткан баланы тааныйсызбы” дешти. Чындыгында мен ал баланы тааныбаганымды, ошол күнү биринчи жолу көргөнүмдү айттым. УКМКдан кийин Чүй ОИИБине да чакырышып окуя боюнча менден сурашты”, - деди Мурзатаев.
“Мени быйыл кышында эле жергиликтүү жамаат "ушул жерге жакын жашайт экенсиз, сиз имам болуп намаздарды өтүп туруңуз" деп, оозеки эле имам кылып шайлап коюшкан. Азырынча мечитибиз да документтери жок болгондуктан, муфтиятка каттоого алына элек. Мечитти салдырган адамга кайрылып, документтерин берип каттатып коёлу деп жатабыз”, - деп кошумчалады мечиттин имамы.
Эскерте кетсек, аталган мечитте сакалчан, дамбалчан молдолордун мушташы интернетте көп талкууга алынды. Мушташкан адамдардын талашканы эмне экендиги түшүнүксүз, бирок оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бири экинчисин тепкилеп жатканын, калгандар ажыратууга анча деле аракет кылбаганын көрүүгө болот.