Бүгүн, 16-майда өткөн маалымат жыйынында шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шаарын жашылдандыруу аракеттери солгундап кеткенин айтып чыгышты.
"Бишкек шаарын жашылдандыруу аракеттери солгундап кетти. Советтер союзу учурунда жашыл шаар деп союздаштар суктанчу эле. Бүгүнкү күндө калктын саны унаалар. Мындан улам түрдүү жаш көчөттөр тигилиш керек болчу. Ошондуктан Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жашыл шаарды куруу демилгесин көтөрүп чыктык", - деп билдирди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев.
Ал эми "Жашылдандыруу" ишканасынын башчысынын орун басары Нурлан Касымов калаадагы жашылдандыруу иши ырааттуу жүрүп жатканын айтууда.
"Акыркы 2 айдын ичинде 6 миңден ашуун жаш көчөттөрдү отургуздук. Элдин баары биздин ишканадагы аракеттерди көргүсү келбейт. Биз болсо бактарды тигип, сугарып шаардын кооздугун арттыруунун үстүндө иштеп жатабыз", - дейт Касымов.