Ош шаарынын батыш тарабындагы 34 гектар таштанды таштоочу жайга дары чачылып тазаланды

Ош шаарынын четиндеги таштанды төгүлүүчү жайда залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык "Тазалык" ишканасынан билдиришти.
"Буга чейин жыл сайын 4 ирет ушундай иштер жүргүзүлүп келсе, 2014-жылдан бери жыл ичинде 8 ирет жүргүзүлө баштаган. Ал эми быйылкы жылы 12 жолу залалсыздандыруу жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык, өз мөөнөтүндө иштер аткарылып, жугуштуу ооруларды пайда кылуучу жана таратуучу зыяндуу чымын-чиркейлерди жок кылуу максатында дарылоо уланууда", - дешти мекемеден.
Маалыматка ылайык, калаанын батыш тарабында жайгашкан таштанды таштоочу жердин аянты 54 гектар. Учурда 34 гектар жери пайдаланылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан