Депутат: “Бишкек ШИИББинин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын техникалык паспорту жок”

Бишкек ШИИББинин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын техникалык паспорту жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Аталган жайда мыйзам бузуулар жана кемчиликтер бар экени белгилүү болду. Техникалык паспорту жок экен. Бул мыйзамсыз дегенди түшүндүрөт. Кармоо шартында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Жалпысынан 18 камера болсо 9у гана иштеп, калганы бош жатат экен. Мындан сырткары жылуулук, аба желдетүүчүсү жок. Мэрия тарабынан быйылкы жылы 3 миллион сом бөлүнгөн экен. Ал жерге убактылуу үй-жайсыз адамдар, чет өлкөлүк жарандар кармалат экен. Жамгыр жааганда имараттын чатырынан суу өтүп турат. Ал жердеги кызматкерлердин дагы ден соолугуна зыяны бар. Алар кандай шарт түзүп берсе ошондой иштеп жатат. Кызматкерлер беткап кийишпейт. Текшерүү боюнча журналды карасак, Башкы прокуратура тарабынан текшерилген экен. Алар да ремонт кылуу маселесин көтөргөн. Бирок реакция болгон эмес. Каржылоо маселеси чечилбесе бул маселе чечилбейт. Ошондуктан өкмөткө акча бөлүп берели”, - деди ал.

Эске салсак, 11-апрелде Бишкек шаарындагы кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын абалын текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан