22-24-май күндөрү Бишкек шаарындагы эски аянтта “Айыл-агро-2013” аттуу агрардык өнөр жай көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаев бүгүн, 13-майда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, көргөзмөгө катышууга 20дан ашык өлкө өз каалоосун билдирип, эл аралык деңгээлде уюштурулууда. “Көргөзмөгө өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишканалар жана чет элдик компаниялар катышат”,- дейт ал. Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, көргөзмө жыл сайын уюштурулмакчы.