Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» («Кумтөр») 2017-жылдын I чейрегиндеги өндүрүшүн жыйынтыкташты. Үч айда Кумтөрдө 127400 унция же 3962,59 килограмм алтын өндүрүлүп, 2,2 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрү которулган.
Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
2017-жылдын биринчи чейрегинде 127400 унция алтын өндүрүлгөн (салыштыруу үчүн: 2016-жылы ушул эле мезгилдин көрсөткүчү 86444 унция).
Өндүрүм көлөмүнүн көбөйүшү 2016-жылдын IV чейрек башында фабрикада борбордук карьердин №17 участогунан келип түшкөн байыраак руда иштетилишинин натыйжасында жүргөн, а 2016-жылы ушундай чейрегин же фабрикалык кайра иштетүүгө №17-участоктун баштапкы баскычтарынан казып алынган, курамында металлы азыраак руда келип түшкөн.
2017-жылы I чейректе Кумтөр №18-участокто тоо-кен иштерин жүргүзүү менен борбордук карьерди иштетүүнү уланткан жана аны менен катар эле Сары-Төр карьеринде тоо-кен иштерине да киришкен. Компания Сары-Төр карьеринин рудасына 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгында жете аларына ишенет.
2017-жылдын I чейрегинде 134682 унция же 4,19 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2017-жылдын биринчи үч айында 164,1 миллион долларды түзгөн.
Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2017-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КРнын Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 2,2 миллиард сомдон ашты.
Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.
Комментарий
“Центерранын” Башкы кызмат адамы Скотт Пери белгилегендей, "Компаниянын чейректеги жакшы өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөрү, тилекке каршы, апрелде Кумтөр кен ишканасындагы жеңил унаа оңдоо учурундагы жаракаттан кызматкердин каза болуусу менен көмүскөлөдү. Бул кайгылуу окуя компаниянын бардык өндүрүштүк объектилеринде ишке ашырылып жаткан “Work Safe, Home Safe” коопсуздуктагы лидерлик программасын бекемдөө чечкиндүүлүгүн бекемдеди".
“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.