Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкерлигин коюусу мүмкүн экенин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Спутник радиосунда угармандардын суроолоруна жооп берип жатып президенттик шайлоого талапкерлиги коюлушу мүмкүн экенин айтты.

"Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм", - деди Чыныбай Турсунбеков. Журналист "балким, ошолордун бири сизсиз?" деген суроосуна "балким" деп жооп берди.

Айта кетсек, "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюшарын жар салышкан. Ал эми КСДП партиясы 19-май күнү курултай өткөрүп, талапкер ошол күнү ачыкталат деген жоромолдор айтылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан