Кытайда ит тирүүлөй жерге берилген ымыркайдын өмүрүн сактап калды

Кытайдын Чунцин шаарында ит тирүүлөй жерге берилген ымыркайдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 16-майда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ит чуңкурду казып, ал жерден ак кездемеге оролгон ыйлап жаткан баланы алып чыккан. Ымыркай дароо ооруканага жеткирилген. Ак халатчандардын айтымында, ал ооруканага жаңы келип түшкөндө дене табы түшүп кеткен жана жүрөгү жай согуп, оозу топуракка толуп калган. Дарыгерлер бала көмүлөрдөн бир ай мурун жарык дүйнөгө келгенин, учурда анын абалы туруктуу экенин айтышкан.

"Ит ымыркай көмүлгөн жерди жыты аркылуу тапкан болушу мүмкүн. Азырынча баланын жакындары табыла элек", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Kroxa
2017-05-16 18:35:14
Тируулой комуп салган кандай ХХХ неме??? Айбан дейин десен айбан да баласы учун жанын уроп чонойтот..
+21
gastello-1a
2017-05-16 19:15:30
Ымыркайды Аллах Таала сактаптыр. Ал эми ит жон гана себепкер.
+21
Aruwka.89
2017-05-16 19:21:23
gastello-1a, Адамдарга ишенбей Итти жиюерди да
ненизи кытайда коп балалуу болгонго тыю салынган го
+3
KGstan1981
2017-05-16 19:20:53
Кечеги Аюдага жер кочкудо дагын биздин уяты жок бийлик уйротулгон иттерди алып келип издетсе болот эде. Москвадан ортон каза б-н кыздарыбыз у-н,Дача-Суудагылар у-н анан аюдагылар у-н уяты жок бийлигибизди Кудайым озу жазасын берсин.
+17
aydinnur
2017-05-16 20:14:25
Негизи пейил,ыйман,сылыктык деген нерсе таман алдына түшүп бүттү((кай жерде болбосун кай окуя болбосун заар сөзүбүз даяр(((анан карасаң эле момун мусулманбыз деп эсептейбиз өзүбүздү,бул жерге да саясатты аралаштырып(((билип-билбей агытабыз ачуу ойлорду((бул жерде жөн гана итке ыраазы бололу да....
+2
Nevestkaa
2017-05-16 20:22:39
Кудайдын кудуретин кара бир ай мурун көмүлсө да тирүү экен.Аллоху Акбар.!
-4
sessa
2017-05-16 21:15:11
Бир ай мурун комулбой эле бир ай мурун торолгон деп турат го
+10
Nevestkaa
2017-05-17 00:12:47
sessa,туура эмес окуп алыпмын.
+1
Damir.Turgunbaev
2017-05-16 21:40:33
мыкты ит екен
+3
Damir.Turgunbaev
2017-05-16 21:40:52
азамат
+2
Gulim_zamujem
2017-05-16 21:59:32
Ит адамдын досу деп бекер айтылбаса керек.
+4
run
2017-05-16 22:40:33
Allahim but insandarga insap iyman bersin
0
aerforce
2017-05-16 22:51:26
Ушул кытайлар адам деле эмес даже айбандагы эмес айбан болгон ит куткарып жатат видеодон кытайлар жаш баланы жеп жатат оз козум менен коргон жанагы машына бир баланы тебселеп кетти анын артынан башкасы деле тебелеп жатат анан ошол адамдарды кантип адам дейсин
-1
Ulan2601
2017-05-16 23:06:31
Кытайда адамдын баркы кетип калыптыр
0
Alihan20152908
2017-05-17 09:43:40
Журокту оорутат
0
Krai
2017-05-17 11:51:30
Кудайыма шугур кытай же озбек болуп жаралып калбаганыма
-1
elmurad
2017-05-17 14:06:58
Кандай адамдар бар э оз канынан жаралган баланы тируулой комуп Аллах ынсап берсин адамдарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан