Ош шаарындагы “Амир-Темир” аймактык кеңешинде 625 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды

Ош шаарындагы “Амир-Темир” аймактык кеңешинде 625 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды. Мындай маалыматты бүгүн, 16-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектептин пайдубалын түптөө иш-чарасына шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө акыркы 3 жыл аралыгында калаа аймагында 6 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилгени айтылды.

"Мектептин пайдубалынын ордун казып, курулуш иштери ушул жылдын февраль айында башталган. Жалпы сметалык баасы 234,5 миллион сомду түзүп, 625 орунга ылайыкташтырылган. "Амир-Темир" аймактык кеңешинде 60 миңге жакын калк жашайт. Аталган айылда 8 мектеп бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
messi_1987
2017-05-16 17:30:21
Суйунбаев стадионун ондоп койсо болмок же ремонт кылып эки тарабын бишкектегидей резина дарошка кылып берсе жакшы болмок ош эмес Жалал абадка резиновой дарощка кылып берген! ошко дагы кылып койсо легкая атлетиктерге жакшы болмок
+3
R_u_S
2017-05-16 17:37:47
Өзбектерге салып беришти билет, а биздин айылда окуучулар 1 этаж, эски тамда окуп жатышат. Таза суу да аларга, асфальт жол да аларга, жаңы имаратарда аларга. Түшүнбөйм ушул башчыларды. Бир райондо жайгашкаг өзбек айылдар менен кыргыз айылдары айырмасы өтө чоң.
+7
Adilet_adi
2017-05-16 17:40:20
Кооз экен
0
aikokul14
2017-05-16 17:46:31
Он адырга газ тартып башташты,эми мектеп,өтө эле талтаңдатып жибербедиңерби туугандарды,же корко турган жайыңар барбы?
+3
KGstan1981
2017-05-16 18:50:47
Супер Инфо маалыматты так беришинездерди суранам.Бул мектепти Озбекстан мамлекети салып берип жатат.Эми КСДПга бийлигибизге уят.Себеби Кыргызстанга турку дагын,кытайы дагын эми болсо озбекстан озбек тилдуу мектептерди ачып жатат.Жакында эми Тажикистан Уч-Коргон айылыга(тажиктер коп жашаган айыл)мектеп салып берсе тан калбайм.Спорт комплекстерди болсо Газпром куруп берип жатат.Анан кантип биз бир мектеп же спорт комплекс салал бай туруп биз онуукон олко боло алабыз..Уят КСДПга,уят президентке.
+3
doni-beku
2017-05-17 07:33:25
KGstan1981, ббсде Узбекистан жардамы менен деп турат
0
admin_portal
2017-05-17 10:05:02
KGstan1981, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
akyn
2017-05-16 21:14:58
шайлоо алдында саясий пиар ))60 мин добуш ))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан