Уктап жаткан адамдын маанайын бузбай, жеңил ойготуучу смарт-жаздык ойлоп табылды

Уктап жаткан адамдын маанайын бузбай, жеңил ойготуучу "Sunrise Smart Pillow" аттуу жаздык ойлоп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, жаздык көп функцияларды аткара алат. Башкача айтканда, ал колдонуучунун уйкусунун сапатын жакшыртып, эртең менен адамды табигый жол менен ойготот. Ал капталдарында жарык чыгаруучу диоддор менен жабдылган.

Ойгоно турган мезгил келгенде жаздыктагы жылуу жарык акырындык менен жана баштайт. Ал күн чыгып, анын жылуулугу бетке тийип жаткандай таасир калтырат. Жаздык уктоочу бөлмө караңгы, терезелериндеги пардалар жабык болсо да, табигый жол менен ойгонууга шарт түзөт. Аны башкаруу, ойгоно турган убакты белгилөө мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашат. Жаздыкта орнотулган жарыктарды уктаар алдында керебетте жатып алып китеп окуу үчүн дагы колдонсо болот. Жаңы ойлоп табуунун баасы 99 долларды түзөт (болжол менен 6 жарым миң сом).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mirkaa5182
2017-05-16 19:17:44
Уйкучуларды бул да тургуза албайт, негизинен жакшы экен.
+4
pixduel1
2017-05-16 19:50:39
Мен будильнике аран турам го)) кээде очуруп кайра уктап калам))
0
Begmat1992
2017-05-16 20:04:34
Бирдей режим менен 5 6 кун турсан будельниксиз еле туруп уйронуп каласын
+2
Samina007
2017-05-16 22:33:27
Албарсты мени басты анан мен аны бастым ууууыыы.бизде ушинтип эле ойготот
0
Ulan2601
2017-05-16 22:40:36
Кыйкырып атса аран туруп окууга жонойбуз бул жаздыкта жатсан наборот уктап калам го
+2
Krai
2017-05-16 23:20:27
Ага караганда менин алтын апам назик ойготот
Апа саат 7ге ойготуп койун десем 6да ойготот тур эми саат 8 болду деп...
+9
Jangazy
2017-05-16 23:33:06
край.туура айтасыз
+2
Kroxa
2017-05-17 00:12:47
Акчасы коптор ала беришет да,жакшы жаздык экен..зыяндуу жагы жок болду бекен??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан