Владимир Жириновскийдин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийдин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда. Мындай пикирди бүгүн, 13-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова билдирди. Айтымында, Жириновский өзү мигрант.  

Ал Казакстанда төрөлгөн. Жириновский Кыргызстан тууралуу туура эмес сөздөрдү айтты. Бул маселени парламенттин жыйынына көтөрүп чыгып, Тышкы иштер министрлигине аны Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу тапшырмасын берүү зарыл. Мындай сөздөрдөн кийин анын республиканын аймагына киргенге моралдык укугу жок”,- дейт Жолдошова.

Эске сала кетсек, кечээ жакында Жириновский “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болчу. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан