Өкмөт үйүндөгү эмеректерди жаныбарлардын түктөрүнөн тазалоо боюнча тендер жарыяланды. Бул тууралуу жарыя кечээ, 15-майда мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан.
Маалыматка ылайык, химиялык тазалоодон 160 даана жумшак эмерек, 210 стол жана 2 862 чарчы метр килем өткөрүлөт. Республикалык бюджеттен 363 миң 200 сом бөлүнө турганы жазылган. Сынакка катышуу үчүн билдирме 18-май күнү саат 15:00гө чейин кабыл алынат. Ошондой эле тендердик билдирме "зарыл" деп белгиленген.
Өкмөттүн басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, тендер жарыяланып жатканда “Техникалык спецификациялоо”, “Такты тазалоо” дегендин ордуна “Жаныбарлардын түгүнөн, тагынан тазалоо” деген категория тандалып калган.