30 күн мурун, 16-апрелде Кара-Көл шаарында жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапилов дагы деле табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын атасы Амангелди Назакеев билдирди.
“Издебеген жерибиз калган жок, көрдүм деген адам жок. Учурда издөө иштери улантылып жатат, милиция кызматкерлери да издеп жатабыз деп жатышат. Бирок баары натыйжасыз болууда”, - деди жоголгон баланын атасы.
Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондору: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-43, 0 (700) 15-88-43.