Австралиядагы мода жумалыгында подиумга улгайган моделдер чыгышты

Австралиянын Сидней шаарында өтүп жаткан мода жумалыгында подиумга жашы 50гө жана 60ка чукулдаган моделдер чыгышты. Бул тууралуу кечээ, 16-майда "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, улгайып калган моделдер дизайнер Томас Паттиктин эмгегинен жаралган көйнөктөрдү кийип чыгышты. Алардын арасында 50 жаштагы саясатчы Энн Али, ырчы Сарша Симон жана башкалар да бар. Бул нерсе аркылуу дизайнер сулуулук ар тараптуу болорун белгилегиси келгенин айтат.

"Бул өздөрүн ар тараптан көрсөткөндү билген күчтүү аялдарды көрсөтүү ыкмасы", - деп билдирген Томас Паттик.

Мода көрсөтүү учурунда "Ак тасма" аталышындагы кайрымдуулук иш-чара үчүн акча чогултулган. Түшкөн каражат үй-бүлөлүк зомбулуктарга кабылгандарга каршы күрөшкө жумшалат.

14-майда башталган мода жумалыгы 19-майга чейин уланары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
amirrus
2017-05-17 10:10:17
кыргыздын ак элечек энелеринен улгу алса болчудай
+3
Fidel
2017-05-17 17:48:10
Кудай сактасын! Биздин Кыргыздарга корсото корбогуло, аран журушот кимди дуурасак деп, озгочо Бишкектеги ыйманы кеткен, Небере корсо дагы жолугу жок, шым кийип, чачын кыркып, жургон улгайган аялдарга!
0
Kroxa
2017-05-18 08:31:05
Озулору билет кайда эмне кийет карыса деле адам да булар деле..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан