Бүгүн, 13-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн rуралдуу күчтөрүн реформалоо маселесин талкуулаган 2-жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Кеңешменин жыйынтыктары Коргоо rеңешинин кезектеги жыйынында бекитилет. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн стратегияга ылайык, өлкөдө кеңири аскердик реформа болот. Куралдуу күчтөрдүн бирдиктүү башкармалыгын түзүү пландалууда. Мындан сырткары бюджеттик каражаттын эсеби менен катар эл аралык стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында да улуттук армияны заманбап курал жана техника менен камсыз кылуу, эскилерин жаңыртуу иштери каралууда. Кеңешмеге президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, УКМКнын төрагасы Бейшенбай Жунусов жана Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов катышты.