Бишкек шаарында агро-өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлдү

Бүгүн, 17-майда Бишкек шаарындагы агро-өнөр жай көргөзмөсүнө өлкөнүн ар бир район жана айыл өкмөттөрүнөн айыл өкмөт башчылары келишкен.

Көргөзмөгө айыл-чарба техникалары, мындан сырткары тоо балы, жаңгак, кургатылган кара өрүктөр коюлган.

"Өкмөттүн колдоосу менен өткөрүлүп жаткан иш-чарада 30дан ашуун чет элдик фирмалар техникаларын алып келишти. Алдыда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чоң аракеттер жумшалууда", - деп билдирди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашов.

"Айыл чарбаны өнүктүрүү максатында бир топ аракеттер көрүлүп жатат. 2011-жылдан бери 2 миңден ашык техникалар жеңилдетилген лизинг аркылуу берилди. 2020-жылга чейин МТСтердин санын 200гө жеткирүү аракети көрүлүүдө. Бүгүнкү иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирем", - деп билдирди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Бишкек шаарында агро-өнөр жай көргөзмөсү өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан