КСДПдан президенттикке альтернативдүү талапкер катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлөт

КСДПнын активисттери президенттикке альтернативдүү талапкер катары Сагынбек Абдрахмановду (сүрөттө) алып чыгат. Бул тууралуу 17-майда SUPER.KG порталына өздүк булактар маалымдады. Президенттик жарышка КСДПдан сунушталат деп күтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигине макул эмес КСДПнын мүчөлөрү альтернативдүү талапкер сунуштоону чечишти.

"КСДПнын катарында Акаев-Бакиев режимине каршы күрөшүп, бирок 2010-жылдан кийин жооптуу кызматтарда иштебеген көптөгөн активисттер бар. Алар КСДПдан сунушталары күтүлүп жаткан 2 адамды президенттикке татыксыз деп эсептейт. Альтернативдүү талапкер чыгаруу чечимине партиядан кандай реакция болот, азырынча белгисиз", - деди өздүк булак.

Сагынбек Абдрахманов буга чейин Чүй облусунун губернатору, "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары жана башка кызматтарда иштеген.

Эскерте кетсек, бүгүн КСДПнын саясий кеӊеши жыйынга чогулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан