Депутат Айтмамат Назаров: “Ноокенде ууланган окуучулар кайрадан ооруканага түшүп жатат”

“Ноокенде ууланган окуучулар кайра-кайра ооруканага түшүп жатат”, - деп бүгүн, 17-майда парламентте “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин диагноз коюла электе уулануу деп айтканга болбой турганын айтты. Ошондой эле ооруканада учурда 6 бала калганын билдирип, калганы үйлөрүнө чыгышканын белгиледи.

Назаров министрликте бул боюнча маалыматы жок экенин белгилеп: “Айылда ата-энелери балдарын мектепке жибербей калышты. Эмне үчүн министрлик бүгүнкү күнгө чейин диагноз коё албай жатат? Ачыкка чыгарбай жатасыңар. Диагноз коё албасаңар эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрылалы. 54 бала ууланыптыр”, - деди Назаров.

Олег Горин үйүнө чыккан балдар кайрадан ууланып жатыптыр деген маалымат жок экенин эскертип, бул боюнча карап чыгыша турганын, жалпы 31 окуучу ууланганын кошумчалады.

Назаров диагноз койгонго министрликтин колунан келбей калганын айтып, бул маселеге чара көрүү керек экенин сунуштады.

Учурда “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

Айта кетсек, 12-май күнү Ноокендин Тоскоол айылында 30га чукул окуучу белгисиз себептер менен жыгылып ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан