УКМКнын төрагасы президент Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм менен күрөшүү чаралары тууралуу маалымат берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдөгү оперативдик абал жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Абдил Сегизбаев терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары жана террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү жөнүндө президентке айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан