Ошто кулаган аттракциондон жабыркагандардын абалдары туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркаган 3 бейтап компьютердик томографиялык изилдөөдөн кийин, тиешелүү дарылоодон өтүшүүдө.
"1980-жылкы И.Г. баш сөөгүнөн жабык жаракат, баш мээсинен жеңил жаракат алган. Чекеси жана сол буту айрылып, денесинин көптөгөн жерлери сыйрылган.
1999-жылкы Т.Н. омурткасынын бел жагындагы булчуңдары ооруп калган.
1995-жылкы Б.М. баш сөөгүнөн жабык жаракат, баш мээсинен жаракат алган, кызыл ашыгынын оң жагы сынган, башынын чач бөлүгүнөн, эриндеринен көптөгөн жаракаттарды алып, бет сөөгүнүн тушу шишип кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары бүгүн 2006-жылкы А.Р. амбулатордук дарылоодон өткөнү маалым болду.