КҮНСЕРЕП: Сооронбай Жээнбеков. КСДП талапкерин көшөгөдөн чыгарды

Бүгүн, 17-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте КСДПнын саясий кеӊешинин жыйыны өтүп, анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого КСДПдан жалгыз талапкер катары Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлдү. Буга чейин талапкер болушу мүмкүн деп ушул эле Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбековдун ысымдары аталып жаткан.

Интернеттеги социалдык тармактардагы талкууларда акыркы 2-3 күндүн ичинде Турсунбековго ыктагандар көбөйүп, анын байлыгы, иш-тажрыйбасы өлкө башчы болууга жетиштүү деген пикирлер көп жазыла баштаган эле. Ал эми SUPER.KG порталы бүгүн "Сиз КСДПдан президенттикке кимдин талапкер болушун каалайсыз?" деген сурамжылоо жүргүздү. Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Чыныбай Турсунбеков жана Сагынбек Абдрахманов деген версиялар сунушталып, бир нече саатка созулган сурамжылоонун жыйынтыгында алдыга Абдрахманов чыкты. Экинчини Жээнбеков, кийинки орундарды Сегизбаев, Исаков, Турсунбековдор ээлешти. Чүй облусунун мурунку губернаторунун алдыга чыгуусун КСДПдан талапкер болот деп айтылып жаткан адамдарды татыктуу деп санагандар көп эмес деп түшүнүүгө болот. Көп жылдар бою КСДПнын катарында жүрүп, акырындап четке сүрүлүп калган мүчөлөрү, партия бийликке келгенден кийинки, айрыкча акыркы 2-3 жылда жүргүзүлгөн кадрдык саясатка нааразы экендиктери белгилүү. КСДПнын мурунку активдүү мүчөсү Роза Отунбаева сыяктуу Акаевчи, Бакиевчилердин Атамбаевди курчап алганына алар нааразы. Бул топ президенттик жарышка партия тандап жаткан талапкерге макул болбой, альтернативдүү талапкер чыгарууну чечишкени бүгүнкү күндүн күтүүсүз жаңылыгы болду. Партиянын саясий кеңеши бул чечимди кандай кабыл алганы азырынча белгисиз. Ал эми эски активисттер партиянын позициясына карабай өз талапкерин сунуштай берерин айтышкан. Партиядагы “эски активисттер” деген кимдер? Атамбаев оппозицияда жүргөн жылдары азап-тозокту чогуу көрүп, Акаев-Бакиев режимине каршы күрөшкөн азыркы президенттин эски достору жана санаалаштары. Ажо “мен жасадым” деген 2 революциянын башкы каармандары, Кыргыз мамлекетин авторитардык жолдон кайтарып демократиялык нукка бурууда үлүшү барлар. Революциянын максаттары ишке аштыбы-жокпу чоӊ суроо. КСДПнын ичиндеги бул жараканы да ушул маселеден келип чыккан жыйынтык деп түшүнүүгө мүмкүн. Ниязов, Исаков, Сегизбаев өӊдүү убагында Акаев-Бакиев менен иштешкендер азыр президент Атамбаевдин ишенимдүү адамдарына айланганы дайым сындалып келе жатат. Парламентте КСДПга сиӊирген эмгегинен дайыны жок, тескерисинче абийирин айрандай төгүп жаткан Мусабекова өӊдүүлөрдүн көп болушу да КСДПнын эски активисттеринин намысына тийиши ыктымал...

Кыргыз жеринде Элдик курултай институтун түптөө аракети жанданды. Оппозициялык күчтөр Элдик курултай институтун Баш мыйзамга киргизип, бийликтин үстүнөн жарандык көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып жатышат. Мындай демилге көп жолу көтөрүлүп, бир дагы ирет натыйжалуу деңгээлге жете элек. Демилге жөндүү. Конституцияда “бийликтин ээси эл” деп так жазылган. Бийликтин ээси эл экенин бийлик башындагылар качан гана революцияларда эмес, жай турмушта да унутпашы зарыл.

Элдик курултай институту – бийликтин үстүнөн караган күчтүү орган болот, эгерде кабыл алынса... Ош шаарында өтүүчү курултайга бүгүн милиция тоскоолдук жаратканы, делегаттарды ага катыштырбай коюшканы айтылды. Бирок милициядан муну четке кагышты. Жыйында курултайды мыйзамдаштыруу, Кыргыз паспортунда “улуту” деген графаны калтыруу өӊдүү маселелер талкууланмак. Элдик курултай Талас, Жалал-Абад облустарында да өттү. 23-майда Бишкекте масштабдуу курултай өткөрүлгөнү жатат. Адатта, курултай демилгеси өлкөдө бийликтин өз билемдиги күчөп, элди көзгө илбей калганда көтөрүлөт. Курултайдын башында оппозициялык саясатчылар туруп, бийликти сестенткен олуттуу талаптар коюлуп баштайт. 2010-жылдын март айындагы оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) курултайын эске салалы. Бул курултай бийликтин адилетсиз иштерине, өз билемдигине элдин чыдамы түгөнүп баратканда өтүп, анда Бакиевдин бийликтен кулашына себепчи болгон кырдаалдар талкууланган. Роза Отунбаева “Акаевдин диктатуралык режиминен Бакиевдин режими ашып түшкөнүн” айткан. Бишкекте 23-майда өтүүчү элдик курултайда эми Атамбаевдик режим талкууланат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан