“Депутаттарга эл таза суу менен камсыз кылуу, мектеп, жол куруу боюнча көп кайрылат”, - деп бүгүн, 17-майда парламентте эркин депутат Жанар Акаев билдирди. Ал таза сууга бөлүнгөн каражатты туура колдонууга чакырды. Ошондой эле социалдык мекемелердин сапаттуу курулушуна көңүл буруу керектигин айтты.
Депутат өкмөт өкүлдөрүнөн таза суу үчүн канча карыз алынганын сурады: "Биз дагы карыз алганы жатабыз. Мурунку "Таза суу" долбоору коррупциялык иштердин артынан токтоп калган. Ушунун айынан биз менен иштешүүдөн баш тартышат", - деди Акаев.
Өкмөттүн маалыматы боюнча 2000-жылдан бери калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылууга 62,9 миллион евро тартылган. Бирок Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон. Жалпы Кыргыз көз карандысыздыкты алгандан бери бул тармакка 300 миллион доллар каражат тартылган. Жаңы долбоор боюнча Жалал-Абад облусундагы 24 айылды суу менен камсыз кылуу пландалууда.
Жогорку Кеӊеште Өкмөт менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралып жатат.
Маалымат боюнча, калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясына ылайык, 425 айылга көлөмү 8 миллиард 882 миллион сомду түзгөн суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борборго өлчөмү 4 миллиард 48 миллион сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда.
Стратегия республикалык бюджеттин, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Швейцария конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик секретариатынын (SЕСО), Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, БУУнун өнүктүрүү программасы, ЮНИСЕФтин жана дагы башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.